Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

Available in 65 languages
«Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Раббибиз Улук Аллах Таала ар бир түнү түндүн акыркы үчүнчү бөлүгү калганда дүйнө асманына түшөт. Анан: "Мага дуба кыла турган барбы, Мен жооп берем? Менден сурай турган барбы, Мен беремин? Менден кечирим тилей турган барбы, Мен аны кечиремин?" - дейт.»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала ар бир түнү түндүн акыркы үчүнчү бөлүгү калганда дүйнө асманына түшөрүн баяндаган. Анан дуба кылгандын дубасын кабыл кыларын айтып, пенделерин Ага дуба кылууга үндөйт. Сурагандын сураганын берерин айтып, аларды каалаган нерсесин суроого кызыктырат. Ыймандуу пенделерин кечире тургандыгын айтып, аларды күнөөлөрү үчүн кечирим тилөөгө буйруйт.

Source
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Download image

Saved at original quality