Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Фыкх жана анын усулдары

Савбан (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Available in 65 languages
«Савбан (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуп бүткөндө үч жолу истигфар айтып, анан: "Аллахумма антас-салам, ва минкас-салам, табааракта зал жалаали вал икрам" деп айтчу. Валид айтат: Авзаъийден: Истигфарды кантип айтат? - деп сурасам, ал: Астагфируллох, астагфируллох... деп айтасың - деди.»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазын бүткөндө: "Астагфируллох, астагфируллох, астагфируллох" - деп айткан. Андан кийин Аллах Тааланы улуктап: "Аллахумма антас-салам, ва минкас-салам, табааракта зал жалаали вал икрам" - деп айткан. Аллахтын Салам-тынчтык сыпаты толук, бардык айып-кемчиликтерден таза. Анын ушул сыпаты менен Анын Өзүнөн гана дүйнө жана акыреттин жамандыктарынан саламаттыкты сурайт. Аллах Тааланын жакшылыгы эки дүйнөдө тең көп, Ал улуулук жана жакшылыктын ээси.

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality