Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Фыкх жана анын усулдары

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Available in 65 languages
«Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактооосу болсун) сокур адам келип: "О, Аллахтын элчиси, мени мечитке жетелеп келе турган адам жок болуп жатат" - деп Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага намазды үйүндө окууга уруксат сурады. Ага уруксат берди. Ал кайрылып кетип бара жатканда, кайра чакырып: "Намазга айтылган азанды угасыңбы?" - деп сурады. "Ооба" - деди тиги киши. "Анда ага жооп бер" - деди.»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Көзү көрбөгөн киши пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "О, Аллахтын элчиси, мага жардам берип, мени беш убак намазга мечитке алып келе турган эч ким жок" - дейт. Б.а. ал пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жамаатка келбей эле коюуга уруксат берүүсүн каалаганын билдирет. Ага уруксат берет. Ал кетип бара жатканда кайра чакырып, намазга чакырган азанды угасыңбы деп сурайт. "Ооба" - дейт ал. "Анда азанга жооп кылып мечитке келгин" - дейт.

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality