Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Фыкх жана анын усулдары

Абу Саъид ал-Худринин (Аллах андан ыраазы болсун) риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:

Available in 61 languages
«Абу Саъид ал-Худринин (Аллах андан ыраазы болсун) риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Чынында, дүйнө - таттуу, көрүмдүү. Аллах Таала анда силерди бириңердин артынан бириңерди келтирип турат. Анан кандай иш-амал кылганыңарга карайт. Дүйнөдөн сак болгула жана аялдардан сак болгула . Анткени Исраил урпактарында алгачкы фитна-бүлгүн аялдардан болгон".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул дүйнө даамдаганга таттуу, караганга көрүмдүү экенин, инсан ага алданып, аны менен алек болуп, аны негизги максатына айлантып аларын баяндаган. Ошондой эле, Аллах Таала биздин кандай амал кыларыбызды, Ага таат-ибадат кылабызбы, же күнөө кылабызбы, ушуну кароо үчүн, бизди бул дүйнө жашоосунда бирибиздин артынан бирибиз келе турган кылганын баяндады. Андан кийин: Силерди дүйнөлүк пайдалар жана анын көркөмдүгү алдап коюусунан этият болгула - деди. Бул, силерди Аллах буйруган нерсени таштоого, Ал тыйган нерсеге кирип кетүүгө алып барат. Бул дүйнөдөгү этият болуп, сактануусу зарыл болгон эң чоң фитна - аялдардын фитнасы. Ал Исраил урпактары кабылган эң биринчи фитна болгон.

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality