Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

Available in 55 languages
«Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таалага таза, күнөөсү жок жолугуусу үчүн ыймандуу эркектин жана ыймандуу аялдын өзүнө, балдарына жана мал-мүлкүнө ар кандай балээ, сыноолор боло берет".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: ыймандуу эркек-аялдарга алардын өзүнө тиешелүү, мисалы, ден-соолугуна, дене-мүчөлөрүнө же балдарына тиешелүү, мисалы, ооруп калуу, кайтыш болуп калуу, ата-энесине моюн сунбай коюу, же мал-мүлкүнө тиешелүү, мисалы, жетишсиздик, соодасынын жүрүшпөй калуусу, мал-мүлкүн ууруга алдырып жиберүү, ырыскысынын аздыгы сыяктуу ар түрдүү балээ, сыноолор боло берет. Мунун баарын Аллах Таала алардын күнөө-каталарын кечирип, кыяматта Ага эч кандай күнөөсү жок, таза жолугуулары үчүн ушинтет.

Source
Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган
Download image

Saved at original quality