Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Фыкх жана анын усулдары

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айткан эле:

Available in 71 languages
«Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айткан эле: «Беш убак намаз бири-бирине чейинки, жума намазы келерки жумага чейинки, Рамазан айы келерки Рамазан айына чейинки кичине күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот, эгерде чоң күнөөлөрдөн алыс болсо».»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чоң күнөөлөрдөн алыс болуу шарты менен бир күндөгү беш убак парз намаздардын ортосундагы, ар бир аптадагы жума намазы менен кийинки жума намазын ортосундагы жана жыл сайын рамазан айындагы орозо менен кийинки орозонун ортосундагы кичине күнөөлөрдүн кечирилишин кабарлап жатат. Ал эми зына жана арак ичүү, ж.б.у.с. чоң күнөөлөр тооба менен гана кечирилет.

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality