Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Хадис жана анын илимдери

Абдулла бин Амр, радыяллаху анхума, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

Available in 71 languages
«Абдулла бин Амр, радыяллаху анхума, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Менден бир аят болсо да жеткиргиле. Бану-Исраилдин окуяларын айта бергиле, анда эч кандай күнөө жок. Ким менин атымдан атайылап жалган айтса, анда тозоктон жайын даярдай берсин».»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнүн атынан Куран же сүннөт илимдерин, ал бир аят же бир хадис болсо да жеткирүүгө буйруп жатат. Аларды элге жеткирүүдө эмнени жеткирип жатканын жана эмнеге чакырып жатканын билүүсү шарт. Андан соң Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Бану-Исраилдин шариятыбызга каршы келбеген окуяларын айтуунун зыяны жок экенин баяндады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалган айтуудан тыйды. Ким анын атынан атайылап жалган айтса, анда өзүнө тозоктон жайын алып коёо берсин».

Source
Бухари жазып калтырган
Download image

Saved at original quality