Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Артыкчылыктар жана адептер

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум:

Available in 71 languages
«Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Мусулмандын мусулманга болгон акысы бешөө. Алар: Салам берсе алик алуу, ооруса зыярат кылуу, чакырган болсо баруу, дүйнөдөн өтсө жаназасына катышуу, чүчкүрсө "ярхамукаллах" деп айтуу».»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандын мусулман бир тууганына болгон кээ бир акыларын баяндап жатат. Бул акылардын биринчиси салам берген адамга алик алуу. Экинчиси: Ооруса, зыярат кылып кабар алуу. Үчүнчүсү: Дүйнөдөн өтсө, үйүнөн баштап жаназа окулчу жерге же мүрзөгө чейин узатып, көмүлгөнгө чейин туруу. Төртүнчүсү: Тойго же ушул сыяктуу мааракеге чакырса баруу. Бешинчиси: Эгерде чүчкүргөн адам «альхамдулиллах» деп айтса, ага «ярхамукаллах» деп айтуу. Андан соң чүчкүргөн адам «яхдиикумуллаху уа юслиху баалакум» деп айтат.

Source
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Download image

Saved at original quality