Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Фыкх жана анын усулдары

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

Available in 70 languages
«Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким Рамазанды ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып орозо кармаса, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет».»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кабарлап жатат: Кимде-ким Рамазан айында Аллахка ыйман келтирип жана орозонун парздыгын тастыктап орозо кармаса, анда Аллах Таала орозо кармагандар үчүн сыйлыктарды жана соопторду даярдап койгон. Ал бул орозосун Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн, жоро көрсүн жана эл уксун дебестен кармаса, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет.

Source
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Download image

Saved at original quality