Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Фыкх жана анын усулдары

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:

Available in 60 languages
«Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Эгерде силерден кимдир бирөөнүн эшик алдында дарыя агып, анан ал ошол дарыяга бир күндө беш жолу жуунса, анын денесинде кир калабы?" Кирден эч нерсе калбайт - дешти (сахабалар). Ал: "Беш убак намаз да ушул сыяктуу, Аллах намаз аркылуу күнөөлөрдү жууйт" - деди.»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күнүмдүк беш убак намазды майда күнөөлөрдү жана каталарды өчүрүүдө бирөөнүн эшигинин алдында агып жаткан дарыяга окшоштурган. Ал киши дарыяга бир күндө беш жолу жуунса, денесинде эч кандай кир калбайт.

Source
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Download image

Saved at original quality