Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Фыкх жана анын усулдары

Жундуб бин Абдулла Аль-Касри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

Available in 70 languages
«Жундуб бин Абдулла Аль-Касри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын коргоосунда болот. Ошондуктан Аллах силерден Өзүнүн коргоосундагы адам тууралуу эч нерсени талап кылбасын. Анткени Аллах кимден Өз коргоосундагы адам тууралуу бир нерсени талап кылса, анда Аллах ага сөзсүз жетет. Андан кийин аны бети менен тозоко ыргытат».»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын сактоосунда, көзөмөлүндө жана коргоосунда болоорун кабарлап жатат. Аллах Таала аны душмандан сактайт жана аларга үстөмдүк кылат. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) багымдат намазын калтырып же багымдат намазын окугандарга кол салып, аларга душмандык кылып, Аллах коргоосуна алган адам менен Аллахтын ортосундагы бул келишимди бузгандарга, аны жараксыз кылгандарга катуу эскертти. Анткени кимде-ким бул келишимди бузса, анда Аллахтын коргоосун бузган болот. Ал Аллахтын коргоосундагы адамдын акысына душмандык кылганы себептүү ал катуу азапка татыктуу болот. Аллах кимден Өз коргоосундагы адам тууралуу бир нерсени талап кылса, анда Аллах ага сөзсүз жетет. Андан кийин аны бети менен тозокко ыргытат».

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality