Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Абу Муса ал-Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

Available in 66 languages
«Абу Муса ал-Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында Аллах Таала заалымга убакыт берет, анан аны кармаганда такыр коё бербейт ". Анан бул аятты окуду: "Раббиң шаарларды азабына алганда мына ушундай азаптайт. Алар заалым болчу. Анын азабы чынында оорутуучу, катуу" (Худ: 102-аят).»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ширк жана күнөөлөр аркылуу зулумдукту уланта берүүдөн жана адамдардын акысына зулумдук кылуудан тыйып эскерткен. Аллах Таала заалымга убакыт берип, кечиктирип, анын өмүрүн, мал-мүлкүн узартып, аны жазалоого шашылбайт. Эгер ушул мөөнөттө да тиги тообо кылбаса, анда аны азабына алып, такыр бошотпойт жана көп зулум кылганы үчүн аны жазасыз калтырбайт. Андан кийин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Раббиң шаарларды азабына алганда мына ушундай азаптайт. Алар заалым болчу. Анын азабы чынында оорутуучу, катуу" - деген аятты окуду (Худ: 102-аят).

Source
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Download image

Saved at original quality