Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Фыкх жана анын усулдары

Саъд бин Абу Ваккастын (Аллах андан ыраазы болсун) риваятында Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

Available in 60 languages
«Саъд бин Абу Ваккастын (Аллах андан ыраазы болсун) риваятында Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким азанчынын үнүн укканда: "Ашхаду ан лаа илааха иллаллааху вахдаху лаа шарика лах, ва анна Мухаммаддан абдуху ва расуулух, розийту биллаахи роббан, ва бил ислаами диинан" деп айтса, анын күнөөлөрү кечирилет".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) азанчынын үнүн уккан адам төмөнкү сөздөрдү айтса күнөөсү кечирилерин айткан: "Ашхаду ан лаа илааха иллаллааху вахдаху лаа шарика лах" Күбөлүк берем, тастыктаймын, моюнга алам Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, андан башка сыйынылган нерсенин баары батыл, жалган. "Ва анна Мухаммаддан абдуху ва расуулух" Мухаммад Аллахтын кулу жана элчиси, ага ибадат кылынбайт. Ал жалган айтпаган элчи. "Розийту биллахи роббан" Аллахтын рубубиятына, улухиятына, ысым-сыпаттарына баарына ыраазымын. "Ва би Мухаммадин расуулан" Ал алып келген диндин баарына жана бизге жеткиргенине ыраазымын. "Ва бил Ислам" Исламдын бардык буйруктарына жана өкүмдөрүнө, "Диинан" дин болгонуна ишенүү жана баш ийүү менен ыраазымын. (ушинтип айтса) анын кичине күнөөлөрү кечирилет.

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality