Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Артыкчылыктар жана адептер

Савбан (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

Available in 59 languages
«Савбан (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кишинин сарптаган акчасынын эң абзели: Үй бүлөсүнө сарптаган акчасы, Аллах жолунда казатка чыгуу үчүн ат-улоосуна сарптаган акчасы жана Аллах жолунда жүргөн жолдошторуна сарптаган акчасы". (Хадисти риваят кылгандардын бири) Абу Килаба: "Алгач үй-бүлөдөн баштады" - деп, андан кийин Абу Килаба дагы сөзүн улай: "Жаш балдарын камсыз кылып, аларды сурануудан, муктаждыктан чыгаруудан өткөн сооптуу каржылоо болмок беле?!" - деди.»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каржылоону сүрөттөп, каржы кыла тургандар көп болсо, алардын эң зарылынан баштоо керектигин, ирети менен айтып берген. Каржылоонун сообу эң көбү - өзү каржылоого милдеттүү болгон адамдарга берилген каржы болот. Мисалы, аялына, баласына ж.б. Андан кийинкиси, Аллах жолундагы согушка даярдалган улоого кетирген каржысы. Андан кийин Аллах жолунда согушка кетип жаткан дос, жолдошторуна берген каржысы.

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality