Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Артыкчылыктар жана адептер

Абу Хурайра (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

Available in 71 languages
«Абу Хурайра (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Үйүңөрдү мүрзөгө айлантып албагыла. Менин кабырымды кез-кезде ибадат кылуучу жай кылып албагыла. Мага салават айткыла. Чындыгында, силер кайсыл жерде болсоңорда силердин салаватыңар мага жетип турат».»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйлөрдө намаз окулбай калуудан тыйды. Үйлөрдө намаз окулбай калса, анда алар намаз окулбаган кабырлар сыяктуу болуп калат. Ошондой эле кабырын кайра-кайра зыярат кылуудан жана анын тегерегинде кез-кезде жыйналууну адат кылуудан тыйды. Анткени бул нерселер ширк кылууга жол ачат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жердин кайсыл бурчунан болбосун салават айтууга буйруду. Анткени айтылган салават алыстан же жакындан болсун, ага жетип турат. Салават айтуу үчүн Пайгамбардын кабырына баруунун зарылчылыгы жок.

Source
Абу Дауд жазып калтырган
Download image

Saved at original quality