Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Убаданын (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

Available in 62 languages
«Убаданын (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким: "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Ал Жалгыз, Анын шериги жок. Мухаммад Анын кулу жана элчиси, Иса да Аллахтын кулу, элчиси жана Мариямга үйлөгөн сөзү, анын руху Алладан, бейиш чын, тозок да чын" деп күбөлүк берсе, Аллах аны амалына карабай бейишке киргизет".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге мындай кабарлаган, ким тавхид келмесин маанисин түшүнүп, талаптарын аткарып айтса, жана Мухаммад пайгамбардын пенделигине жана пайгамбарлыгына күлөлүк берип, Исанын пенделигин жана пайгамбарлыгын, аны Аллах Таала "бол" деген сөзү менен жаратканын, ал Аллах жараткан рухтардын бири экенин моюндап, яхудийлер анын энесине жапкан жалган жалаадан арууласа, бейиштин чындык экенине жана тозоктун да чындык экенине, булардын бар экенине жана булар Аллахтын жакшылыгы жана азабы экенине ыйман келтирсе, анан ушул абалында дүйнөдөн өтсө, анын ибадаты аз жана күнөөлөрү бар болгонуна карабай, барар жайы бейиш болот.

Source
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Download image

Saved at original quality