Hadith for the World
Акыйда (ишеним)

Улук, Кубаттуу Аллахка ыйман келтирүү

44 hadiths

44 hadiths

Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Улук Аллах Таала силерди атаңардын аты менен касам ичүүдөн тыйды". Умар айтат: Аллахка касам ичип айтам, Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындан тыйганын уккандан бери, атайлап да, бирөөнүн айтканын кайталап да, атамдын аты менен касам ичпедим.Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
عن أبي واقد الحارث بن عوف رضي الله عنه أنَّ رسول الله صلى الله عليه وسلم بينما هو جالس في المسجد، والناس معه، إذ أقبل ثلاثَةُ نَفَرٍ، فأقبل اثنان إلى رسول الله، صلى الله عليه وسلم وذهب واحد، فوقفا على رسول الله صلى الله عليه وسلم ، فأما أحدهما فرأى فُرْجَةً في الْحَلْقَةِ فجلس فيها، وأما الآخر فجلس خلفهم، وأما الثالث فأدْبَر ذاهبٍا، فلما فرغ رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: «ألا أُخْبِرُكُم عن النَّفَرِ الثلاثة: أما أحدهم فأَوَى إلى الله فآوَاهُ الله إليه، وأما الآخر فاسْتَحْيا فاسْتَحْيَا الله منه، وأما الآخر، فأعْرَضَ، فأعرضَ اللهُ عنه».متفق عليه
عن أنس بن مالك رضي الله عنه أنَّ رَجُلاً كَانَ عِند النَبِيَّ صلى الله عليه وسلم فَمَرَّ رَجُلٌ بِهِ، فقال: يا رسول الله، أنِّي لَأُحِبُّ هَذَا، فَقَال لَهُ النَبِيُّ صلى الله عليه وسلم : «أَأَعْلَمْتَهُ؟» قال: لا. قال: «أَعْلِمْهُ»، فَلَحِقَهُ، فقال: إِنِّي أُحِبُّك فِي الله، فقال: أّحَبَّك الَّذِي أَحْبَبْتَنِي لَهُ.رواه أبو داود والنسائي في الكبرى وأحمد
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Улуу Аллах Таала айтты: «Мен ширк келтирген шериктерге муктаж эмесмин. Ким Мага иш-аракетти кылууда башканы шерик кошсо, анда Мен аны да, ошол ширкин да таштаймын.Муслим жазып калтырган
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында, Аллах кызганат. Чынында ыймандуу пенде да кызганат. Аллахтын кызгануусу ыймандуу пенде Анын тыюу салган ишине барганда болот".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Умар ибн Аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мен пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Мени христиандар Марямдын баласын чектен ашып улуктагандай улуктабагыла. Чындыгында, мен Анын (Аллахтын) кулумун. Силер мени: «Аллахтын кулу жана элчиси» - деп айткыла».Бухари жазып калтырган
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: «Оо, Аллахтын элчиси! «Кыямат күнү сенин шапаатың менен эң бактылуу адам ким?» - деп сураганда, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Оо, Абу Хурайра! Сенин хадиске болгон кызыгууңду көргөнүмдө бул хадисти сенден алдын эч ким сурабайт деп ойлогонмун. Кыямат күнү менин шапаатым менен эң бактылуу болгон адам ал «Лаа илааха иллаллах» келимесин чын ыклас менен жүрөгүнөн же напсисинен айткан адам» - деп айтты».Бухари жазып калтырган
Убаданын (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким: "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Ал Жалгыз, Анын шериги жок. Мухаммад Анын кулу жана элчиси, Иса да Аллахтын кулу, элчиси жана Мариямга үйлөгөн сөзү, анын руху Алладан, бейиш чын, тозок да чын" деп күбөлүк берсе, Аллах аны амалына карабай бейишке киргизет".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абдуллах бин Масуъд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир сөздү айткан, мен болсо андан башкасын айттым. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Ким Аллахтан башкага кудай деп дуба кылып жүрүп өлсө, тозокко кирет" - деди. Мен болсо: Ким Аллахтан башканы кудай деп дуба кылбастан өлсө, бейишке кирет - дедим.Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «يَقُولُ اللهُ عَزَّ وَجَلَّ: أَنَا عِنْدَ ظَنِّ عَبْدِي، وَأَنَا مَعَهُ حِينَ يَذْكُرُنِي، فَإِنْ ذَكَرَنِي فِي نَفْسِهِ ذَكَرْتُهُ فِي نَفْسِي، وَإِنْ ذَكَرَنِي فِي مَلَإٍ ذَكَرْتُهُ فِي مَلَإٍ خَيْرٍ مِنْهُ، وَإِنِ اقْتَرَبَ إِلَيَّ شِبْرًا، تَقَرَّبْتُ إِلَيْهِ ذِرَاعًا، وَإِنِ اقْتَرَبَ إِلَيَّ ذِرَاعًا، اقْتَرَبْتُ إِلَيْهِ بَاعًا، وَإِنْ أَتَانِي يَمْشِي أَتَيْتُهُ هَرْوَلَةً».متفق عليه
عن ابن مسعود رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم : «من أصابته فَاقَة فأنْزَلها بالناس لم تُسَدَّ فَاقَتُهُ، ومن أنْزَلها بالله، فَيُوشِكُ الله له بِرزق عاجل أو آجل».رواه أبو داود والترمذي وأحمد
Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Аллах Таала менин үммөтүмдүн катасын, унутуп жана мажбурланып кылганын кечирди".رواه ابن ماجه والبيهقي وغيرهما
عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول: «جَعَلَ اللهُ الرحمةَ مائة جُزْءٍ، فَأَمْسَكَ عِنْدَهُ تِسْعَةً وَتِسْعِينَ، وأَنْزَلَ في الأَرْضِ جُزْءًا وَاحِدًا، فَمِنْ ذَلِكَ الجُزْءِ يَتَرَاحَمُ الخَلَائِقُ، حتى تَرْفَعَ الدَّابَّةُ حَافِرَهَا عَنْ وَلَدِهَا خَشْيَةَ أَنْ تُصِيبَهُ». وفي رواية «إِنَّ للهِ تعالى مئةُ رحمةٍ، أَنْزَلَ منها رحمةً واحدةً بَيْنَ الجِنِّ والإنسِ والبَهَائِمِ والهَوَامِّ، فَبِهَا يَتَعَاطَفُونَ، وبها يَتَرَاحَمُونَ، وبِهَا تَعْطِفُ الوَحْشُ على وَلَدِهَا، وأَخَّرَ اللهُ تعالى تِسْعًا وتِسْعِينَ رحمةً يَرْحَمُ بِهَا عِبَادَهُ يومَ القِيَامَةِ». وعن سلمان الفارسي رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم : «إِنَّ للهِ تعالى مئةُ رحمةٍ فمنها رحمةٌ يَتَرَاحَمُ بها الخَلْقُ بَيْنَهُمْ، وتِسْعٌ وتِسْعُونَ لِيَومِ القِيَامَةِ». وفي رواية: «إِنَّ اللهَ تَعَالَى خَلَقَ يَوْمَ خَلَقَ السَّمَاوَاتِ والأَرْضَ مئةَ رحمةٍ كُلُّ رحمةٍ طِبَاقَ مَا بَيْنَ السَّمَاءِ إلى الأَرْضِ، فَجَعَلَ منها في الأَرْضِ رَحْمَةً فبها تَعْطِفُ الوَالِدَةُ على وَلَدِهَا، والوَحْشُ والطَّيْرُ بَعْضُهَا عَلَى بَعْضٍ، فإذا كانَ يومُ القيامةِ أَكْمَلَهَا بِهَذِه الرحمةِ».حديث أبي هريرة -رضي الله عنه-: متفق عليه. حديث سلمان -رضي الله عنه-: رواه مسلم
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, Аллах силердин келбетиңерге жана байлыгыңарга карабайт, бирок жүрөгүңөргө жана иш-аракетиңерге карайт».Муслим жазып калтырган
Абу Зар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кудсий хадисте Аллах Тааланын мындай деп айтканын айтты: «Эй, пенделерим! Чындыгында, Мен зулумдук кылууну Өзүмө арам кылдым жана аны силерге да арам кылдым. Ошондуктан силер, эч качан бири-бириңерге зулумдук кылбагыла! Эй, пенделерим! Чындыгында силердин баарыңар адашуудасыңар, бир гана Мен туура жолго салып койгон адамдар гана туура жолдо. Мына ошондуктан силер Менден туура жол сурагыла! Ошондо Мен силерди туура жолго саламын. Эй, пенделерим! Чындыгында, бардыгыңар ачкасыңар, Мен ырыскы берген адамдар гана ток болушат. Ошондуктан менден ырыскы сурагыла, Мен силерге ырыскы беремин. Эй, пенделерим! Акыйкатта силердин араңардан, Мен кийинтип койгон адамдардан башка баарыңар жылаңачсыңар. Ошондуктан силер – Менден гана кийиндирүүнү сурангыла, Мен силерди кийимдүү кылам. Эй, пенделерим! Силер эртеден кечке күнөө кыласыңар. Ал эми Мен күнөөлөрдүн бүт баарын кечиремин. Ошондуктан силер – Менден кечирим сурагыла! Мен силерди кечиремин. Эй, пенделерим! Мага зыян бергенге аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага зыян бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Силер Мага пайда бергенге да аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага пайда бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү силердин араңардан эң такыбалуу бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде такыба болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени көбөйтпөйт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү, силердин араңардан эң жаман бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде жаман болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени азайтпайт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысы бир жерге чогулушуп туруп, Менден муктаждыктарын сураса, Мен алардын ар бирине сураган нерселерин берсем да бул нерселер – ийне деңизге салынып алынганда деңиздин суусун ийне азайткан сыяктуу менин мүлкүмдөн ошончолук деңгээлде гана кемите алат. Эй, пенделерим! Чындыгында, алар силердин кылган иш-аракеттериңер. Ал иш-аракеттериңерди эсеп-кысап кылам. Анан ошого жараша силерге сооп же жаза берем. Кимде-ким өзүн жакшы абалда тапса, анда ал Аллахка мактоо айтсын. Ал эми кимде-ким өзүн жакшы абалда таппаса, анда ал өзүнөн башка эч кимди күнөөлөбөсүн».Муслим жазып калтырган
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضيَ اللهُ عنه أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، قَالَ: «أَحَبُّ الْبِلَادِ إِلَى اللهِ مَسَاجِدُهَا، وَأَبْغَضُ الْبِلَادِ إِلَى اللهِ أَسْوَاقُهَا».رواه مسلم
عن أبي هريرة رضي الله عنه مرفوعاً: «لما خلق اللهُ الخَلْقَ كتب في كتاب، فهو عنده فوق العرش: إن رحمتي تَغْلِبُ غضبي». وفي رواية: «غَلَبَتْ غضبي» وفي رواية: «سَبَقَتْ غضبي».متفق عليه
Абдуллах бин Масуъд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Кайсы күнөө Аллах үчүн өтө оор? - деп пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурадым. "Ал сени жаратканына карабай, Ага башканы шерик кошууң" - деди. Ырас, бул өтө оор. Андан кийин кайсы күнөө? - деп сурадым. "Өзүң менен бирге аны багуудан коркуп, балаңды өлтүрүүң" - деди. Андан кийин кайсы? - дедим. "Кошунаңдын аялы менен ойноштук кылууң" - деди.Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абу Муса ал-Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында Аллах Таала заалымга убакыт берет, анан аны кармаганда такыр коё бербейт ". Анан бул аятты окуду: "Раббиң шаарларды азабына алганда мына ушундай азаптайт. Алар заалым болчу. Анын азабы чынында оорутуучу, катуу" (Худ: 102-аят).Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
عن عبد الله بن مسعود رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم أنه قال: "أكبر الكبائر: الإشراك بالله، والأمن من مَكْرِ الله، والقُنُوطُ من رحمة الله، واليَأْسُ من رَوْحِ الله".رواه عبد الرزاق
عن أبي هريرة رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: «ما توطَّنَ رجلٌ مسلمٌ المساجدَ للصلاة والذِّكر، إلا تَبَشْبَشَ اللهُ له، كما يَتَبَشْبَشُ أهلُ الغائب بغائبهم إذا قَدِمَ عليهم».رواه ابن ماجه وأحمد
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында, Аллах Таала мындай деди: "Ким Менин досума душмандык кылса Мен ага согуш жарыя кыламын. Пендемди мага жакындата турган Мен ага парыз кылган амалдардан өткөн амал жок. Пендем Мага напил амалдар аркылуу жакындаган сайын, Мен аны жакшы көрөм. А Мен аны жакшы көрсөм, анын уга турган кулагы, көрө турган көзү, кармай турган колу жана баса турган буту болом. Эгер менден сураса, берем, Эгер Мени менен сактанса, сактайм. Мен кылган иштеримден момундун жанын алганда экиленгендей экиленген эмесмин, ал өлүмдү жек көрөт, Мен аны кыйнаган нерсени жек көрөм".Бухари жазып калтырган
عن أنس بن مالك وأبي هريرة رضي الله عنهما عن النبي صلى الله عليه وسلم فيما يرويه عن ربه عز وجل قال: «إذا تَقَرَّبَ العبدُ إليَّ شِبْرًا تَقَرَّبْتُ إليه ذِرَاعًا، وإذا تَقَرَّبَ إليَّ ذِرَاعًا تَقَرَّبْتُ مِنْهُ بَاعًا، وإذا أتاني يمشي أَتَيْتُهُ هَرْوَلَةً».حديث أنس -رضي الله عنه- رواه البخاري . حديث أبي هريرة -رضي الله عنه- متفق عليه
Адий бин Хаатим (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силерден кимиңер болбосун, жакында Аллах Таала аны менен котормочусуз сүйлөшөт.Ошондо ал оң тарабына карап жасаган жакшы амалдарын гана көрөт. Сол тарабына карап жасаган жаман иштерин гана көрөт. Алдына карап бет алдында турган жалындуу тозокту көрөт. Ошон үчүн жарты курманы садака кылып болсо да тозоктон сактангыла".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)