Hadith for the World
Улук, Кубаттуу Аллахка ыйман келтирүү

Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо

14 hadiths

14 hadiths

Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Улук Аллах Таала силерди атаңардын аты менен касам ичүүдөн тыйды". Умар айтат: Аллахка касам ичип айтам, Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындан тыйганын уккандан бери, атайлап да, бирөөнүн айтканын кайталап да, атамдын аты менен касам ичпедим.Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Улуу Аллах Таала айтты: «Мен ширк келтирген шериктерге муктаж эмесмин. Ким Мага иш-аракетти кылууда башканы шерик кошсо, анда Мен аны да, ошол ширкин да таштаймын.Муслим жазып калтырган
Умар ибн Аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мен пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Мени христиандар Марямдын баласын чектен ашып улуктагандай улуктабагыла. Чындыгында, мен Анын (Аллахтын) кулумун. Силер мени: «Аллахтын кулу жана элчиси» - деп айткыла».Бухари жазып калтырган
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: «Оо, Аллахтын элчиси! «Кыямат күнү сенин шапаатың менен эң бактылуу адам ким?» - деп сураганда, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Оо, Абу Хурайра! Сенин хадиске болгон кызыгууңду көргөнүмдө бул хадисти сенден алдын эч ким сурабайт деп ойлогонмун. Кыямат күнү менин шапаатым менен эң бактылуу болгон адам ал «Лаа илааха иллаллах» келимесин чын ыклас менен жүрөгүнөн же напсисинен айткан адам» - деп айтты».Бухари жазып калтырган
Абдуллах бин Масуъд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир сөздү айткан, мен болсо андан башкасын айттым. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Ким Аллахтан башкага кудай деп дуба кылып жүрүп өлсө, тозокко кирет" - деди. Мен болсо: Ким Аллахтан башканы кудай деп дуба кылбастан өлсө, бейишке кирет - дедим.Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
عن ابن مسعود رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم : «من أصابته فَاقَة فأنْزَلها بالناس لم تُسَدَّ فَاقَتُهُ، ومن أنْزَلها بالله، فَيُوشِكُ الله له بِرزق عاجل أو آجل».رواه أبو داود والترمذي وأحمد
عن عبد الله بن مسعود رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم أنه قال: "أكبر الكبائر: الإشراك بالله، والأمن من مَكْرِ الله، والقُنُوطُ من رحمة الله، واليَأْسُ من رَوْحِ الله".رواه عبد الرزاق
عن عبد الله بن عكيم رضي الله عنه مرفوعاً: «مَنْ تَعَلَّقَ شيئا وُكِلَ إليه».رواه أحمد والترمذي
Таарик бин Ашйам ал-Ашжаъи (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Ким: Лаа илааха иллаллоох" деп айтып, Аллахтан башка ибадат кылынган нерселерден баш тартса, анын мал-мүлкү жана каны арам болот. Ал эми сурагы Аллахка таандык".Муслим жазып калтырган
Абу Марсад ал-Ганави (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кабырлардын үстүнө отурбагыла жана анда намаз окубагыла!"Муслим жазып калтырган
Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Умму Салама Эфиопия жеринде "Мария" деп аталган чиркөөнү көргөнүн, анын ичинде (ар түрдүү) сүрөттөр бар экенин Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кеп кылат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Эгер арасындагы ийги иш-амалдарды кылган пенде (же киши) дүйнөдөн өтсө, анын кабырына мечит куруп . Анан ага жанагындай сүрөттөрдү тартышат. Мына ошолор Аллахтын алдындагы эң жаман калайык" - деди.Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен Уфайр аттуу эшектин үстүндө учкашып бара жаткам. Ошондо Пайгамбар айтты: "Эй, Муаз! Сен пенделердин Аллахка болгон акыларын жана Аллахтын пенделерине болгон акысын билесиңби?" - деп сурады. Мен: "Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет" - деп айттым. Ал: "Пенделердин Аллахка болгон акылары - жалгыз Ага гана сыйынуулары жана Ага эч кимди шерик кылбоосу - деп айтты. Ошондой эле Аллахтын пенделерине болгон акысы - ал Өзүнө шерик кошпогон пендесин азапка салбоосу" - деди. Мен: "О, Аллахтын Элчиси! Мен бул кабарды элге айтып сүйүнчүлөсөм кандай?" - дедим. Ал: "Аларды сүйүнчүлөбөй эле кой. Андай кылсаң алар ушуга таянып алышат" - деп айтты.Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип: Оо, Аллахтын Элчиси, милдет болгон негизги эки нерсе эмне? - деп айтты. Ал айтты: «Ким Аллахка шерик кошпой өлсө бейишке кирет, ал эми ким шерик кошуп өлсө тозокко кирет».Муслим жазып калтырган
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنَّ اللهَ يَرْضَى لَكُمْ ثَلَاثًا، وَيَكْرَهُ لَكُمْ ثَلَاثًا، فَيَرْضَى لَكُمْ: أَنْ تَعْبُدُوهُ، وَلَا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا، وَأَنْ تَعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللهِ جَمِيعًا وَلَا تَفَرَّقُوا، وَيَكْرَهُ لَكُمْ: قِيلَ وَقَالَ، وَكَثْرَةَ السُّؤَالِ، وَإِضَاعَةِ الْمَالِ».رواه مسلم