Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Умар ибн Аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мен пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум:

Available in 71 languages
«Умар ибн Аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мен пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Мени христиандар Марямдын баласын чектен ашып улуктагандай улуктабагыла. Чындыгында, мен Анын (Аллахтын) кулумун. Силер мени: «Аллахтын кулу жана элчиси» - деп айткыла».»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Христиандар Иса пайгамбарды Аллахка таандык сыпаттар менен сүрөттөгөндөй, Пайгамбарыбыз өзүн шарияттын чегинен ашып мактоо жана Аллахка таандык сыпаттар менен сүрөттөп ага ибадат кылуудан кайтарып жатат. Жана Пайгамбар кайыпты билет деп же Христиандар Марям уулу Иса пайгамбарга дуба кылышкандай Аллах менен кошо Пайгамбарга дуба кылуудан тыйып жатат. Андан соң Пайгамбар Аллахтын кулдарынын бири экендигин баяндап, аны: «Аллахтын кулу жана элчиси» - деп айтуубузду буйруду.

Source
Бухари жазып калтырган
Download image

Saved at original quality