Hadith for the World
Акыйда (ишеним)

Акырет күнүнө ыйман келтирүү

26 hadiths

26 hadiths

Абдуллах бин Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кыямат күнү адамдар арасындагы иштерден эң биринчи териштириле турганы - кан жөнүндө болот".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши кыяматтын качан болорун сурап: Кыямат качан болот? - деди. Пайгамбар андан: "Кыяматка эмне даярдыгың бар?" - деп сурады. Тиги киши: Эч нерсе даярдыгым жок. Болгону, Аллахты жана Анын элчисин жакшы көрөм - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Сен кимди жакшы көрсөң, ошону менен биргесиң" - деди. Анас айтат: Аллахтын элчисинин "Сен кимди жакшы көрсөң, ошону менен биргесиң" деген сөзүнө кубангандай буга чейин эч кубанган эмес элек. Анас сөзүн улап минтип айтты: "Мен Аллахтын элчисин, Абу Бакрды, Умарды жакшы көрөм. Алардай жакшы амалдарды көп кылбасам да, аларды жакшы көргөнүм үчүн алар менен бирге болом деп үмүт кыламын".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
عن مرداس الأسلمي رضي الله عنه قَالَ: قَالَ النَّبِيُّ -صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ-: «يذهب الصالحون الأول فالأول، ويبقى حُثَالَةٌ كَحُثَالَةِ الشعير أو التمر لا يُبَالِيهُم الله بَالَةً».رواه البخاري
Зайнап бинт Жахш (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир жолу Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чочулагандай түрү менен кирип келип мындай деди: "Лаа илаха иллаллааху, чоң жамандык жакындап келе жаткан араптардын шору курусун. Бүгүн Йажуж менен Мажуждун тосмосунун ушунча жери ачылды" деп, сөөмөйүн баш бармагы менен бириктирип эки манжасынын ортосундагы кичине жылчыкты көрсөттү. Зайнаб бинт Жахш айтат: "Мен ага мындай дедим: "О, Аллахтын элчиси, биздин арабызда салих адамдар болсо деле кыйроого учурашыбыз мүмкүнбү?"" Ал: "Ооба, эгер бузуку иштер күнөөлөр көбөйүп кетсе" - деди.Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
عن معاذ بن أنس رضي الله عنه مرفوعًا: «مَن كَظَمَ غَيظًا، وَهُو قادر على أن يُنفِذَه، دَعَاه الله سبحانه وتعالى على رؤوس الخَلاَئِق يوم القيامة حتَّى يُخَيِّره من الحُور العَين مَا شَاء».رواه أبو داود والترمذي وابن ماجه وأحمد
عن أبي هريرة رضي الله عنه مرفوعًا: «إِنَّ الله تَعَالى يَقُول يَوْمَ القِيَامَة: أَيْنَ المُتَحَابُّونَ بِجَلاَلِي؟ اليَوم أُظِلُّهُم فِي ظِلِّي يَوْمَ لاَ ظِلَّ إِلاَّ ظِلِّي».رواه مسلم
Убаданын (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким: "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Ал Жалгыз, Анын шериги жок. Мухаммад Анын кулу жана элчиси, Иса да Аллахтын кулу, элчиси жана Мариямга үйлөгөн сөзү, анын руху Алладан, бейиш чын, тозок да чын" деп күбөлүк берсе, Аллах аны амалына карабай бейишке киргизет".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
عن معاذ بن جبل رضي الله عنه عن رسول الله صلى الله عليه وسلم أنه قال: «قَالَ اللهُ -عَزَّ وجَلَّ-: المُتَحَابُّون فِي جَلاَلِي، لَهُم مَنَابِرُ مِن نُورٍ يَغْبِطُهُم النَبِيُّونَ والشُهَدَاء».رواه الترمذي وأحمد
عن أبي هريرة رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: «إنَّ في الجنَّة مائةَ دَرَجَة أعَدَّهَا الله للمُجاهِدين في سَبِيل الله ما بَيْنَ الدَّرَجَتَيْنِ كما بين السماء والأرض».رواه البخاري
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким кедейдин карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын баарын же бир бөлүгүн кечип салса, анда Аллах аны Кыямат күнү Өз Аршынын көлөкөсүндө башка эч кандай көлөкө жок болгон күнү көлөкө кылат».Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган
Абу Барза ал-Аслами (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кыямат күнү пенде өмүрүн эмне менен өткөргөнү, илимин кандай пайдаланганы, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда каржылаганы, дене-кубатын кандай иштеткени тууралуу суралмайынча анын кадамы жылбайт".Ат-Тирмизи жазып калтырган
عن أبي أمامة رضي الله عنه قال: سمعتُ رسولَ اللهِ صلى الله عليه وسلم يقولُ: «اقْرَؤُوا القرْآنَ؛ فَإنَّهُ يَأتِي يَوْمَ القِيَامَةِ شَفِيعًا لأَصْحَابِهِ».رواه مسلم
عن جابر بن عبد الله رضي الله عنهما قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم : «يُبْعَثُ كلُّ عبدٍ على ما مات عليه».رواه مسلم
Жарир бин Абдуллах (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Биз Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында элек. Ал түнкү айга, тагыраак айтканда, толуп турган айга карап: " Раббиңерди ушул айды көрүп турган сыяктуу көрөсүңөр, Аны көрүүдө эч кыйналбайсыңар. Эгер күн батардагы жана күн чыгардагы намазга тоскоолдуктарды жеңе аласаңар, анда ушул эки намазды аткаргыла" - деди да, анан: "Күн чыгардан мурда жана күн батарда Раббиңе мактоо айтуу менен Аны аруула" деген аятты окуду.Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
عن أبي الدرداء رضي الله عنه أن النبي صلى الله عليه وسلم قال: «مَنْ حَفِظَ عَشْرَ آيَاتٍ مِنْ أَوَّلِ سُورَةِ الكَهْفِ، عُصِمَ مِنَ الدَّجَّالِ». وفي رواية: «مِنْ آخِرِ سُورَةِ الكَهْف».رواه مسلم
عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم : « سَيْحَانُ وَجَيْحَانُ وَالفُرَاتُ والنِّيل كلٌّ من أنهار الجنة».رواه مسلم
عن أنس بن مالك رضي الله عنه مرفوعاً: «إنَّ الكافر إذا عمل حسنة، أُطْعِمَ بها طُعْمَةً من الدنيا، وأما المؤمن فإِنَّ اللهَ تعالى يدخر له حسناته في الآخرة، ويُعْقِبُهُ رزقًا في الدنيا على طاعته». وفي رواية: «إنَّ الله لا يظلم مؤمنا حسنة، يُعْطَى بها في الدنيا، ويُجْزَى بها في الآخرة، وأما الكافر فَيُطْعَمُ بحسنات ما عمل لله تعالى في الدنيا، حتى إذا أفضى إلى الآخرة، لم يكن له حسنة يُجْزَى بها».رواه مسلم
عَنْ مُعَاوِيَةَ رَضيَ اللهُ عنهُ قَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: «الْمُؤَذِّنُونَ أَطْوَلُ النَّاسِ أَعْنَاقًا يَوْمَ الْقِيَامَةِ».رواه مسلم
عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم : «على أَنْقَابِ المدينةِ ملائكةٌ لا يدخلُها الطَّاعونُ، ولا الدَّجَّالُ».متفق عليه
عَنْ جَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللَّهِ رضي الله عنهما أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «مَنْ قَالَ حِينَ يَسْمَعُ النِّدَاءَ: اللَّهُمَّ رَبَّ هَذِهِ الدَّعْوَةِ التَّامَّةِ، وَالصَّلاَةِ القَائِمَةِ، آتِ مُحَمَّدًا الوَسِيلَةَ وَالفَضِيلَةَ، وَابْعَثْهُ مَقَامًا مَحْمُودًا الَّذِي وَعَدْتَهُ، حَلَّتْ لَهُ شَفَاعَتِي يَوْمَ القِيَامَةِ».رواه البخاري
عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عُمَرَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا: أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «إِنَّ أَحَدَكُمْ إِذَا مَاتَ عُرِضَ عَلَيْهِ مَقْعَدُهُ بِالْغَدَاةِ وَالعَشِيِّ، إِنْ كَانَ مِنْ أَهْلِ الجَنَّةِ فَمِنْ أَهْلِ الجَنَّةِ، وَإِنْ كَانَ مِنْ أَهْلِ النَّارِ فَمِنْ أَهْلِ النَّارِ، فَيُقَالُ: هَذَا مَقْعَدُكَ حَتَّى يَبْعَثَكَ اللَّهُ يَوْمَ القِيَامَةِ».متفق عليه
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Күн батыштан чыкмайынча, Кыямат болбойт. Качан күн батыштан чыкканда аны адамдар көрүшүп баары ыйман келтиришет. Мына ошол ушул аятта айтылган убакыт: «Эгерде мурда ыйман келтирбеген болсо же ыйманы менен жакшылык таппаса, анда ал кезде анын ыйман келтиргени ага пайда бербейт». (Анаам, 158) Кыямат келгенде эки адам кийимдерин сатууга коюшат, бирок алар аны сата албай калышат жана кайра бүктөп ала алышпайт. Кыямат келгенде бир адам төөнүн сүтүн саап келет, бирок иче албай калат. Кыямат келгенде бир адам суу куйганы чуңкурун жасап чыгат, бирок ага суу толтура албай калат. Кыямат келгенде силерден бирөө тамагын оозуна алып барат, бирок аны жей албай калат».Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: Селердин күйгүзгөн отуңар – тозок отунун жетимиш бөлүгүнүн бири. Анда: «Оо, Аллахтын Элчиси! Бул дүйнөнүн оту болсо да жетиштүү болмок» - деп айтылды. Пайгамбар: «Тозоктун оту бул дүйнөнүн отунан алтымыш тогуз эсе ысык болду. Анын баары бул дүйнөнүн отунун ысыгындай ысык».Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абдулла бин Амр бин Аль-Аас (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) риваят кылган хадисте ал Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин укту: "Эгер силер азанчыны уксаңар анын айтканын айткыла, андан соң мага салават айткыла. Анткени ким мага бир салават айтса, анда Аллах ал себептен ага он салават айтат. Андан кийин мага Аллахтан васила (10) сурагыла. Анткени ал васила бейиштеги улуу макам. Ал макам бир гана Аллахтын кулуна ылайыктуу. Ал мен болом деп үмүттөнөм. Ошондуктан ким мен үчүн васила сураса, ага шапаат уруксат болот".Муслим жазып калтырган