Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

Available in 55 languages
«Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши кыяматтын качан болорун сурап: Кыямат качан болот? - деди. Пайгамбар андан: "Кыяматка эмне даярдыгың бар?" - деп сурады. Тиги киши: Эч нерсе даярдыгым жок. Болгону, Аллахты жана Анын элчисин жакшы көрөм - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Сен кимди жакшы көрсөң, ошону менен биргесиң" - деди. Анас айтат: Аллахтын элчисинин "Сен кимди жакшы көрсөң, ошону менен биргесиң" деген сөзүнө кубангандай буга чейин эч кубанган эмес элек. Анас сөзүн улап минтип айтты: "Мен Аллахтын элчисин, Абу Бакрды, Умарды жакшы көрөм. Алардай жакшы амалдарды көп кылбасам да, аларды жакшы көргөнүм үчүн алар менен бирге болом деп үмүт кыламын".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Чөлдө жашаган адамдардын бири пайгамбарыбыздан (ага Аллах ыраазы болсун) кыяматтын болор учурун сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) андан: "Кыяматка кандай жакшы амалдарды кылып даярдандың?" - деп сурайт. Сураган киши: Көп деле жакшы амалым жок бирок Аллахты жана Анын элчисин аябай жакшы көрөм деп, мындан башка жүрөккө, денеге жана мал-мүлккө тиешелүү эч кандай амал кылганын айтпайт. Анткени, мунун баары жакшы көрүүнүн бутакчалары болуп эсептелет. Чыныгы жакшы көрүү жакшы амалдарды кылууга түртөт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: Сен кимди жакшы көрсөң, бейиште ошону менен биргесиң дейт. Пайгамбардын сахабалары бул сүйүнүчтүү кабарга аябай сүйүнүшөт. Андан кийин Анас (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисин, Абу Бакрды жана Умарды жакшы көрөрүн, алардай жакшы амалдарды көп кыла албаса да бейиште алар менен чогуу болууну үмүт кыларын айтты.

Source
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Download image

Saved at original quality