Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Абу Барза ал-Аслами (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

Available in 61 languages
«Абу Барза ал-Аслами (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кыямат күнү пенде өмүрүн эмне менен өткөргөнү, илимин кандай пайдаланганы, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда каржылаганы, дене-кубатын кандай иштеткени тууралуу суралмайынча анын кадамы жылбайт".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү эч бир адам төмөнкү иштер тууралуу суралмайынча эсеп-кысап майданынан бейишке да, тозокко да өтө албастыгын айткан. Биринчиси: Жашоосун кантип өткөргөнү тууралуу. Экинчиси: Илимди Аллахтын ыраазылыгы үчүн алганбы? Алган илимине амал кылдыбы? Алган илимин тиешелүү адамдарга жеткирдиби? Үчүнчүсү: Мал-мүлкүн арамдан таптыбы, же адалдан таптыбы? Анан аны Аллах ыраазы боло турган иштерге жумшадыбы, же Аллахтын ачуусун келтире турган иштерге короттубу? Төртүнчү: Дене мүчөлөрүн, күч-кубатын, чың ден соолугун, жаштык курагын эмнеге иштетип, эмнеге жумшады?

Source
Ат-Тирмизи жазып калтырган
Download image

Saved at original quality