Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

Available in 54 languages
«Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Бетин тытып, жакасын айрып, караңгы доорго чакырып, кыйкыргандар бизден эмес".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламга чейинки доордогу кээ бир иштерди аткаруудан тыйып, катуу эскертип, бул иштерди кылгандар бизден эмес деп айткан. Биринчиси: Беттин кырына ургандар. Беттин кыры деп айтканы беттин көп бөлүгүн түзгөнү үчүн, негизи беттин бардык бөлүгүнө уруп, тытмалоого тыюу салынган. Экинчиси: Кайгыдан улам кийимдин башын чыгара турган жерин, жакасын айрыгандар. Үчүнчүсү: Караңгы доордогудай амалдарды кылуу, мисалы, кошок, өкүрүк, ж.б. коштогон дубаларды кылуу.

Source
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Download image

Saved at original quality