Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

Available in 60 languages
«Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жакшыраак жана сүйүктүүрөөк. Алардын экөөсүндө тең жакшылык бар. Өзүңө пайдалуу болгон нерсеге умтул, Аллахтан жардам сура, жана алсыз болбо. Эгер сага бир кайгы-капа жетсе: « Эгер тигиндей кылсам, мындай болоор эле»-деп айтпа». Аллах тагдыр кылыптыр. Ал Өз каалаганын жасайт «-дегиле. Анткени, «Эгер» деген сөз шайтандын амалдарына жол ачат»»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): ыймандуунун баары жакшы экенин, бирок ыйманында, чечкиндүүлүгүндө, байлыгында ж.б. күч-кубатка тиешелүү иштерде күчтүү болгон ыймандуу адам күчсүз ыймандууга караганда Аллахка жагымдуу жана сүйкүмдүүрөөк экенин айткан. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыймандуу адамга, ага дүйнө жана акыретте пайдасын тийгизе турган иштерде Аллахка таянуу менен бирге себептерди аткарууну, Аллахтан жардам суроону жана Ага тобокел кылууну насаат кылган. Анан дүйнө жана акыретке пайдалуу иштерди аткарууда чамасыз болуудан, жалкоолуктан жана шалаакылыктан тыйды. Ыймандуу адам кайсы бир иште аракет кылса, себептерди аткарса, Аллахка таянса жана Аллахтан жакшылык тилесе, анда бардык иштерин Аллахка тапшыруусу жана Аллахтын тандоосу эң жакшы тандоо экенин билүүсү керек. Ошондон кийин ага кандайдыр бир көйгөй болуп калса, анда: "Эгер мен мындай кылсам, тигиндей болмок эмес" деп айтпасын. Анткени "эгер" деп айтуу шайтандын амалдарына эшик ачып берет. Тагдырга нааразы болууда, өткөн иште өкүнүүдө (шайтанга эшик ачат). Анын ордуна тагдырга моюн сунуп жана ыраазы болуп: "Аллахтын тагдыры, Ал каалаганын аткарды" деп айтуу керек. Болгон иш Аллахтын каалоосунун чегинде болду, анткени ал каалаганын аткаруучу. Анын буйругун жокко чыгаруучу болбойт жана Анын өкүмүн кечиктирүүчү да жок.

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality