Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

Available in 70 languages
«Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Менин үммөтүмдөн баш тарткандардан башкасынын баары бейишке кирет. Ошондо: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким баш тартат?» - деп айтышат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ким мага моюн сунса, Бейишке кирет. Ким мага моюн сунбаса, анда баш тарткан болот» - деп айтты».»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнүн тыйылгандардан башкасынын баары бейишке кире турганын кабарлап жатат. Сахабалар: «Ким бейишке кирүүдөн тыйылат, эй Аллахтын Элчиси?» - деп сурашат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга мындай деп жооп берди: Ким Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) моюн сунса, ээрчисе жана ага баш ийсе, бейишке кирет. Ал эми кимде-ким шариятка моюн сунбаса жана баш ийбесе, анда жаман иш-аракеттери себебинен бейишке кирүүсүнө тыюу салынат.

Source
Бухари жазып калтырган
Download image

Saved at original quality