Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Абу Айюб Аль-Ансари (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

Available in 70 languages
«Абу Айюб Аль-Ансари (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимдир бирөө бир тууганын үч түндөн ашык жүз буруп таштап коюусу туура эмес. Ошентип, ал мындан жүз бурат, бул андан жүз бурат. Алардын эң жакшысы саламды биринчи баштаганы болот».»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман бир тууганын үч күндөн ашык таштап, бири-бири менен жолукканда саламдашпай жана сүйлөшпөй коюуларына тыюу салган. Бул эки урушкан адамдардын эң жакшысы – жүз буруп таштап коюуну таштоого аракет кылганы жана саламды биринчи баштаганы. Бул жерде таштоо дегени – напси үчүн таштоо. Ал эми Аллах Тааланын акысы үчүн таштоо – бул Аллахка баш ийбегендерди, бидъатчыларды жана жаман досторду таштоо. Бул таштоо убакыт менен чектелбейт. Тескерисинче, таштоонун пайдасына байланган. Эгерде аларга таштоо пайда берсе, анда тоштоону четке кагып мамиле кыла берет.

Source
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Download image

Saved at original quality