Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

Available in 70 languages
«Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким кедейдин карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын баарын же бир бөлүгүн кечип салса, анда Аллах аны Кыямат күнү Өз Аршынын көлөкөсүндө башка эч кандай көлөкө жок болгон күнү көлөкө кылат».»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кабар берди: Кимде-ким карыздар адамдын карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын бир бөлүгүн кечип салса, анда анын сыйлыгы Аллах аны Өз Аршынын астына, Кыямат күнү күн пенделердин башына жакындай турган күнү көлөкөсүнө алат. Ал күнү күндүн ысыгы аларга катуу тийген кез болот. Демек Аллах көлөкөсүнө алган адамдан башка эч ким көлөкө таба албайт.

Source
Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган
Download image

Saved at original quality