Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Фыкх жана анын усулдары

Муаз бин Жабал (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Available in 54 languages
«Муаз бин Жабал (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муаздын колунан кармап: "Эй Муаз, Аллахка ант берип айтам, мени сени жакшы көрөм" - деди. Анан: "Муаз, сага айтар осуятым: ар бир намаздан кийин "Аллахумма аъинни ъалаа зикрика ва шукрика ва хусни ъибадатика" деп айтканды такыр калтырба" - деди.»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муаздын (Аллах андан ыраазы болсун) колунан кармап, ага мындай деди: Аллахка ант болсун, мен сени жакшы көрөм. Муаз, сага ар бир намазды окугандан кийин, бул дубаны айтууну осуят кылам: (Оо Аллах, Сени зикир кылууга мага жардам бер) таат-ибадатка жакындата турган бардык амалдар жана сөздөр менен. (жана Сага шүгүр кылууга жардам бер) жакшылыктарга жеткирип, жамандыктардан сактаганың үчүн. (жана жакшы ибадат кылууга жардам бер) Аллахка ыклас кылып, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көрсөткөн тартипте ибадат кылууга.

Source
رواه أبو داود والنسائي وأحمد
Download image

Saved at original quality