Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Фыкх жана анын усулдары

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

Available in 60 languages
«Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кишинин (мечитте) жамаат менен окуган намазы, анын үйүндө же базарында окуган намазынан жыйырма канча даража ашыкча болот. Бул мындай, эгер алардын бири даарат алганда жеткиликтүү даарат алса, анан намаз окуу үчүн гана мечитке келсе, анын ар бир шилтеген кадамына даражасы көтөрүлөт, ошого жараша катасы өчүрүлөт. Ошентип мечитке кирип, канча убакыт намазды күтүп отурса, намазда отургандай эсептелет. Силерден бирөөңөр намаз окуган ордунда отурса, анын даараты бузулбаса же бирөөгө зыян тийгизбесе, периштелер ага дуба кылып: Аллахым, ага ырайым кыл. Аллахым, аны кечир. Аллахым, анын тобосун кабыл кыл дешет".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адам намазды жамаат менен окуса, анын бул намазы үйдө же базарда окуган намазынан жыйырма канча барабар абзел болорун айткан. Анан мунун себебин чечмелеген: Киши дааратын толук, жеткиликтүү алып, анан намаз окуу ниети менен мечитке жөнөсө, таштаган кадамына жараша мартабасы жана орду жогорулайт, ошондой эле ошого жараша каталары өчүрүлөт. Мечитке киргенден кийин намазды күтүп отурса, күтүп отурган учурунда да намаз окугандын сооп-сыйын алат. Ал намаз окуган орунунда отурганда периштелер ага дуба кылат: "Аллахым, ага ырайым кыл. Аллахым, аны кечир. Аллахым, анын тобосун кабыл кыл" дешет. Эгер ал дааратын сындырбаса же адамдарга же периштелерге зыян тийгизе турган иш кылбаса.

Source
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Download image

Saved at original quality