Артыкчылыктар жана адептер
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
Available in 61 languages
«Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Бири-бириңе көралбастык кылбагыла. Бири-бириң менен (адамдарды алдоо үчүн) жасалма соода кылбагыла. Бири-бириңерди жек көрбөгүлө. Бири-бириңерден жүз буруп артыңарды салып кетпегиле. Бириңдин соодасынын үстүнөн экинчиң соода кылбагыла. Бир тууган Аллахтын пенделери болгула! Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага зулум кылбайт, аны таштап койбойт, аны кемсинтпейт. Такыбалык ушул жерде" деп анан колу менен үч жолу көкүрөгүн көрсөттү. Анан: "Мусулман бир тууганын кемсинтүү кишиге жетиштүү күнөө болот. Ар бир мусулмандын каны, малы, ар-намысы экинчи мусулманга арам" - деди.»Meaning translation ·
Saved at original quality






