Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Артыкчылыктар жана адептер

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:

Available in 70 languages
«Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Бир киши Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Мага насаат бериңиз» - деп айтты. Ал: «Ачууланба» - деди. Андан кийин кайра-кайра сураганда Пайгамбар: «Ачууланба» - деп кайталады.»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Сахабалардын бири Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнө пайда алып келе турган нерсеге багыттоосун сурады. Ошондо Пайгамбар ачууланбоого буюрду. Бул анын ачуусун келтирген себептерден алыс болушун, ачуусу келгенде өзүн карманышын, кан төгүү, уруп-сабоо, мазактоо жана ушул сыяктуу нерселер менен ачуусун баспоо дегенди билдирет. Ал киши: «Мага насаат бериңиз» - деген өтүнүчүн бир нече жолу кайталаса да, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага «ачууланба» деп айткан насаатын гана айтты.

Source
Бухари жазып калтырган
Download image

Saved at original quality