Артыкчылыктар жана адептер
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
Available in 62 languages
«Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Кимде-ким бир ыймандуу адамды бул дүйнөдө кайгыдан арылтса, Аллах аны кыямат күндөгү кайгыдан арылтат. Кимде-ким бирөөнүн ишин жеңилдетсе, Аллах анын ишин дүйнө жана акыретте жеңилдетет. Кимде-ким мусулмандын айыбын жашырса, Аллах дүйнө жана акыретте анын айыбын жашырат. (Диндеш) тууганына жардам берген пендеге Аллах да жардам берет. Кимде-ким илим издеп жолго чыкса, ошол үчүн Аллах ага бейиштин жолун жеңил кылат. Кайсы бир адамдар Аллахтын үйлөрүнүн бирине чогулуп Аллахтын китебин окуп, бири-бирине үйрөтсө, аларга бейпилдик түшөт, ырайым ороп алат, аларды периштелер курчайт, Аллах аларды периштелерге мактайт. Кимди иш-амалдары артта калтырса, аны ата-теги алдыга жылдырып койбойт".»Meaning translation ·
Saved at original quality







