Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Артыкчылыктар жана адептер

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат.

Available in 70 languages
«Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейишке киргизе турган эң чоң себептер экөө экендигин баяндады. Алар: Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак. Аллахка такыбалык кылуу - бул сени менен Аллахтын азабынын ортосундагы сактануу. Ал Аллахтын буйруктарын аткаруу жана тыюу салган нерселеринен тыйылуу. Ал эми жакшы адеп-ахлак - бул жылуу жүздүү болуу, жакшылык кылуу жана зыян берүүнү токтотуу. Тозокко киргизе турган эң чоң себептер экөө. Алар: Тил жана уяттуу жерлер. Башкача айтканда тилдин күнөөлөрү. Бул - жалган айтуу, гыйбат кылуу, ушак айтуу ж.б. Ал эми уяттуу жерлердин күнөөлөрү - бул зына кылуу, гомосексуализм ж.б.

Source
Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган
Download image

Saved at original quality