Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Артыкчылыктар жана адептер

Жаабир бин Абдуллах (Аллах алардан ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

Available in 60 languages
«Жаабир бин Абдуллах (Аллах алардан ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Зулумдуктан сактангыла! Себеби зулумдук - кыяматтагы караңгылык. Ач көздүктөн сактангыла! Анткени, силерден мурдагылар ач көздүктүн айынан кыйроого учураган. Ач көздүк аларды кан төгүүгө, арамды адал кылууга түрткөн".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) зулумдук кылуудан тыйып, эскерткен. Зулумдук: адамдарга зулум кылуу, өзүнө-өзү зулум кылуу жана Аллах Тааланын акысында зулум кылуу (болуп бөлүнөт). Зулумдук - бул, ар бир акы ээсине акысын бербей койуу. Адамдын кылган зулумдук кыямат күнү анын башына кыйынчылык жана оор абалдар менен коштолуп каран күн түшүрөт. Ошондой эле ач көздүктөн тыйган. Ач көздүк бул суктук жана сараңдык. Мал-мүлккө тиешелүү бирөөлөрдүн акысын бербей коюу, дүнүйөгө өтө берилип суктук кылууда ач көздүккө кирет. Зулумдуктун ушул түрү бизден мурда жашап өткөн кээ бир коомдорду кыйратып жок кылган, аларды бири-бирин өлтүрүүгө түрткөн, Аллах арам кылган нерселерди адалдаштырууга алып барган.

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality