Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Фыкх жана анын усулдары

Каъб бин Ужранын (ага Аллах ыраазы болсун) айтты: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

Available in 60 languages
«Каъб бин Ужранын (ага Аллах ыраазы болсун) айтты: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: Ар бир парз намаздан кийин биринин артынан бири айтыла турган (зикр) сөздөр айтуучуну (сооптон) куру калтырбайт, булар: отуз үч тасбих, отуз үч тахмид, отуз төрт такбир".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтуучусу куру кол калбай турган жана өкүнбөй турган, тескерисинче сооп боло турган зикирлер жөнүндө айткан. Бул сөздөр парз намаздан кийин биринин артынан бири айтылат. Булар төмөнкүлөр: "Субхааналлах" деп отуз үч жолу айтуу. Б.а. Аллах Тааланы бардык кемчиликтерден таза деп аруулоо. "Алхамду лиллах" деп отуз үч жолу айтуу. Бул сөз Аллахты сүйүү жана улуктоо менен Анын кемчиликсиз толуктугун айтып мактоо. "Аллаху Акбар" деп отуз төрт жолу айтуу. Аллах Улук, Ал бардык нерседен Кудуреттүү, Чоң.

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality