Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Фыкх жана анын усулдары

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

Available in 62 languages
«Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Адамдардын эң жаманы – өзүнүн намазынан уурдаган адам" - деди. Абу Хурайра айтты: "Намазын кантип уурдай алат?". Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Намазынын рүкүсүн да, саждасын да толук кылбайт".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уурулук кылган адамдын эң жаманы, намазынан уурдаган адам экенин баяндады. Себеби, башка бирөөнүн акчасын алуу, бул дүйнөдө ага пайда алып келиши мүмкүн. Намазын уурдаган ууру бул уурудан айырмаланып турат. Анткени ал өзүнүн сооп-сыйлыгын уурдап алат. Сахабалар: "Оо, Аллахтын Элчиси, ал намазынан кантип уурдайт?" - деп айтышты. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Намазынын рүкүсүн да, саждасын да толук кылбайт" - деп айтты. Себеби, ал рүкүдө жана саждада шашып, эки рекет намазын толук турдө аткарбай калат.

Source
Ибн Хаббан жазып калтырган
Download image

Saved at original quality