Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:

Available in 63 languages
«Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намаз окуп жатканымда шайтан азгырып мени хушуу (11) менен окуудан тосуп жатат. Мен Куран окуп жатканымда чаташтырып, күмөнгө салып жатат." - деп айтты. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мындай деди:" Бул Ханзаб деген шайтан. Эгерде муну билип, сезсең, анда Аллахтан коргоо суран, Аллахтан андан коргоо сура жана сол тарабыңа үч жолу аз шилекейиң менен түкүрүп жибер. Усман айтты: Ошентип, мен Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эмнени буйруса, ошону аткардым. Ошондуктан Аллах аны менден кетирди.

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality