Hadith for the World
Артыкчылыктар

Зикир кылуунун артыкчылыктары

10 hadiths

10 hadiths

Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Көңүл бургула! Мен силерге силердин даражаңарды көтөрө турган, Падышаңардын алдында эң таза жана силер үчүн алтын-күмүш садака кылуудан да артык, казатта душманыңар менен беттешип, силер алардын, алар силердин башын кыя чапкандан да артыгыраак ишиңер жөнүндө айтып берейинби?" Алар: "Ооба" - дешти, Пайгамбар: "Ал иш - Аллахты зикир кылуу" - деди.Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсу) Меккенин жолунда бара жатып, Жумдан деп аталган тоонун жанынан өткөндө: "Баскыла! Бул Жумдан тоосу. Өзүнчө жүргөндөр алдыга озуп кетти" - деди. Сахабалар: "О, Аллахтын элчиси, өзүнчө жүргөндөр деген кимдер?" - деп сурашты. Ал: "Аллахты көп эстеген эркектер менен аялдар" - деди.Муслим жазып калтырган
عن الْأَغَرِّ رضي الله عنه، وَكَانَ مِنْ أَصْحَابِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «يَا أَيُّهَا النَّاسُ تُوبُوا إِلَى اللهِ، فَإِنِّي أَتُوبُ فِي الْيَوْمِ إِلَيْهِ مِائَةَ مَرَّةٍ».رواه مسلم
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кудсий хадисте Аллах Тааланын мындай деп айтканын айтты: «Бир адам күнөө кылып: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Андан кийин ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим! Менин күнөөмдү кечир» - деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим, менин күнөөмдү кечир» - деп айтты. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деди да: «Каалаганыңды кыл, анткени Мен сени кечирдим» - деп айтты.Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
عن أبي ذر الغفاري رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: «ألاَ أُخْبِرُكَ بِأَحَبِّ الكَلاَمِ إِلَى اللهِ؟ إنَّ أَحَبَّ الكلام إِلى الله: سبحان اللهِ وبحمدِهِ».رواه مسلم
عن أبي هريرة رضي الله عنه مرفوعاً: «والذي نفسي بيده، لو لم تذنبوا، لذهب الله بكم، وجاء بقوم يُذْنِبُونَ، فيستغفرون اللهَ تعالى، فيغفر لهم».رواه مسلم
عن أبي سعيد الخدري رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم : "الْبَاقِيَاتُ الصَّالِحَاتُ، لَا إلَهَ إلَّا اللَّهُ، وَسُبْحَانَ اللَّهِ، وَاَللَّهُ أَكْبَرُ، وَالْحَمْدُ لِلَّهِ، وَلَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إلَّا بِاَللَّهِ".رواه ابن حبان والحاكم، أما النسائي فرواه في الكبرى لكن من حديث أبي هريرة
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким: "Субханаллоохи ва бихамдихи" деп күнүнө жүз жолу айтса, күнөөлөрү деңиз толкунунун көбүгүндөй көп болсо да кечирилет".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абдулла бин Амр бин Аль-Аас (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) риваят кылган хадисте ал Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин укту: "Эгер силер азанчыны уксаңар анын айтканын айткыла, андан соң мага салават айткыла. Анткени ким мага бир салават айтса, анда Аллах ал себептен ага он салават айтат. Андан кийин мага Аллахтан васила (10) сурагыла. Анткени ал васила бейиштеги улуу макам. Ал макам бир гана Аллахтын кулуна ылайыктуу. Ал мен болом деп үмүттөнөм. Ошондуктан ким мен үчүн васила сураса, ага шапаат уруксат болот".Муслим жазып калтырган
Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".Муслим жазып калтырган