Hadith for the World
Артыкчылыктар

Тавхиддин артыкчылыктары

4 hadiths

4 hadiths

Абу Саъид ал-Худри жана Абу Хурайра (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: Мусулман кишиге чарчап-чалыгуу, оору, кыжаалатчылык, кайгы-капа, ыза, кыйынчылык болсо, атүгүл, тикен сайылса да, ошонун себебинен Аллах анын каталарын өчүрөт".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муазды улоосуна учкаштырып баратып: "Муаз бин Жабал!" - деди. Ал: "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди. "Муаз!" - деди дагы. "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди ал. Ушунтип үч жолу айткандан кийин: " Ким чын жүрөгү менен: "Лаа илааха иллаллооху, ва анна Мухамммадан аъбдуху ва расуулух" - деп күбөлүк берсе, Аллах анын тозокко кирүүсүн арам кылат" - деди. "О, Аллахтын элчиси, муну адамдарга айтып сүйүнчүлөйүнбү?" - деди Муаз. "Андай кылсаң, ушуга таянып алышат" - деди. Бул хадисти Муаз өлөр алдында хадисти айтпай жашырып кетүүдөн корккону үчүн айтты.Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен Уфайр аттуу эшектин үстүндө учкашып бара жаткам. Ошондо Пайгамбар айтты: "Эй, Муаз! Сен пенделердин Аллахка болгон акыларын жана Аллахтын пенделерине болгон акысын билесиңби?" - деп сурады. Мен: "Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет" - деп айттым. Ал: "Пенделердин Аллахка болгон акылары - жалгыз Ага гана сыйынуулары жана Ага эч кимди шерик кылбоосу - деп айтты. Ошондой эле Аллахтын пенделерине болгон акысы - ал Өзүнө шерик кошпогон пендесин азапка салбоосу" - деди. Мен: "О, Аллахтын Элчиси! Мен бул кабарды элге айтып сүйүнчүлөсөм кандай?" - дедим. Ал: "Аларды сүйүнчүлөбөй эле кой. Андай кылсаң алар ушуга таянып алышат" - деп айтты.Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип: Оо, Аллахтын Элчиси, милдет болгон негизги эки нерсе эмне? - деп айтты. Ал айтты: «Ким Аллахка шерик кошпой өлсө бейишке кирет, ал эми ким шерик кошуп өлсө тозокко кирет».Муслим жазып калтырган