Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Аббас бин Абдулмуталиб (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын укканмын:

Available in 53 languages
«Аббас бин Абдулмуталиб (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын укканмын: “Кимде-ким Аллах Тааланы Раббим деп, Исламды диним деп жана Мухаммадды пайгамбарым деп ыраазы болсо, ыймандын даамын татыптыр".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Ыйманында чынчыл, ыйманы жүрөгүндө бейпилдик тапкан ыймандуу адам ушул үч ишке ыраазы болсо, жүрөгү менен тынчтыкты, кенендикти, кубанычты, Аллахка жакындыгынын даамын сезет: Биринчиси: Аллахтын Рабби экенине ыраазы болсо. Мында Аллахтын Раббилик тарабынан берилген ырыскыларга жана ар кандай абалдарга көкүрөгү кеңейип ыраазы болот. Жүрөгүндө ага каршы эч нерсени сезбейт жана Аллахтан башка нерсени Рабби кылып албайт. Экинчиси: Исламдын дин болгонуна ыраазы болуу. Мында Исламдын моюнга жүктөгөн буйруктарына жана важибтерине жүрөгү менен ыраазы болуп, Исламдын жолунан башка жолго ыраазы болбойт. Үчүнчүсү: Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) элчи болгонуна ыраазы болуу. Мында пайгамбарыбыз алып келген динге шек-күмөнсүз ишенип, ага кубанып жана ыраазы болот. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолунан башка жолго түшпөйт.

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality