Hadith for the World
Аталыштар жана терминдер

Ыймандын көбөйүүсү жана азайышы

5 hadiths

5 hadiths

Абу Хурайра (ага Алллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан: "Ыйман жетимиш канча, же алтымыш канча бутактан турат. Анын эң бийиги "Лаа илааха иллаллоох" сөзү, эң төмөнү жолдон зыяндуу нерсени алып таштоо .Уяттуулук да ыймандын бир бутагы".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абдуллах бин Амрдын (Аллах андан ыраазы болсун) риваятында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мусулман адам - башка мусулмандар анын колунан жана тилинен зыян тартпаган адам. Мухажир адам - Аллах тыюу салган нерселерди таштаган адам".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абу Саид аль-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Силердин кимиңер күнөө ишти көргөн болсо, анда аны колу менен токтотсун! А эгерде колу менен токтото албаса, анда тили менен токтотсун! Ал эми тили менен да токтото албаса, анда жүрөгүнөн жек көрсүн! Мына бул ыймандын эң алсыздыгы».Муслим жазып калтырган
عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ، عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: "ثَلاَثٌ مَنْ كُنَّ فِيهِ وَجَدَ حَلاَوَةَ الإِيمَانِ: أَنْ يَكُونَ اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَحَبَّ إِلَيْهِ مِمَّا سِوَاهُمَا، وَأَنْ يُحِبَّ المَرْءَ لاَ يُحِبُّهُ إِلَّا لِلَّهِ، وَأَنْ يَكْرَهَ أَنْ يَعُودَ فِي الكُفْرِ كَمَا يَكْرَهُ أَنْ يُقْذَفَ فِي النَّارِ".متفق عليه
Аббас бин Абдулмуталиб (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын укканмын: “Кимде-ким Аллах Тааланы Раббим деп, Исламды диним деп жана Мухаммадды пайгамбарым деп ыраазы болсо, ыймандын даамын татыптыр".Муслим жазып калтырган