Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Абу Саид аль-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум:

Available in 70 languages
«Абу Саид аль-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Силердин кимиңер күнөө ишти көргөн болсо, анда аны колу менен токтотсун! А эгерде колу менен токтото албаса, анда тили менен токтотсун! Ал эми тили менен да токтото албаса, анда жүрөгүнөн жек көрсүн! Мына бул ыймандын эң алсыздыгы».»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жамандыкты, б.а. Аллах жана Анын Элчиси тыюу салган нерселердин бардыгынан адамдын мүмкүнчүлүгүнө жараша токтотууга буйруйт. Эгерде бир күнөө ишти көрсө, аны токтотууга күчү жетсе, анда колу менен токтотушу керек. Эгерде ага кудурети жетпесе, анда күнөөкөрдү тыйып, күнөөнүн зыянын түшүндүрүп жана бул жамандыктын ордуна жакшылык ишти көрсөтүп, аны тили менен токтотсун. Эгерде бул даражага жете албаса, анда бул жамандыкты жүрөгү менен жек көрсүн. Эгерде аны токтотууга кудуретим жеткенде, ошондой кылмакмын деген ниетте болсун. Жүрөгүнөн жек көрүү – жамандыкты токтотуудагы ыймандын эң алсыз даражасы.

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality