Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Суфян бин Абдулла ас-Сакафи (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Available in 65 languages
«Суфян бин Абдулла ас-Сакафи (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Мен: О, Аллахтын элчиси, мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди.»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Суфян бин Абдулла деген сахаба (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жалпы Ислам маанисин камтыган сөздү үйрөтүүсүн суранып, аны бекем кармап, ал жөнүндө башка эч кимден сурабастыгын айтат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: Аллахты жалгыз деп билем, Ал менин Раббим, Кудайым, Жаратуучум жана эч шериги жок Ибадат кылуучум деп айткын - деди. Кийин Аллахтын парз буйруктарын аткарып, Ала тыйган тыюулардан тыйылып, Аллахка баш ийүүгө, анан ушул жолдо такай жүрүүгө буйруду.

Source
Муслим жана Ахмад жазып калтырган
Download image

Saved at original quality