Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Айша, радыяллаху анха, айтат:

Available in 71 languages
«Айша, радыяллаху анха, айтат: Мен: "Оо, Аллахтын Элчиси, Ибн Жудаан Исламга чейинки доордо тууганчылык байланыштарды бекемдеп, кедей-кембагалдарды тоюндурчу, бул ага пайдасын береби?" - деп сурадым. Ал айтты: «Бул ага эч кандай пайда алып келбейт, анткени ал эч качан: «Раббим, Кыямат күнү менин күнөөмдү кечир» - деп айткан эмес».»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Исламга чейин Курайштын башчыларынын бири болгон Абдулла ибн Жудаан тууралуу кабар берди. Анын жакшы иштеринин ичинен жакындарына туугандык мамиле кылуусу, аларга жакшылык кылуусу, кедей-кембагалдарды тоюндуруусу жана Ислам дини үндөгөн башка жакшы иштерди кылуусу. Бирок бул иштер ага Акыретте пайда бербейт. Анткени ал Аллахка каапыр болгондугу үчүн жана эч качан: «Раббим, кыямат күнү менин күнөөмдү кечир» деп айтпагандыгы үчүн анын жакшы иштери ага пайда бербейт.

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality