Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Акыйда (ишеним)

Абдуллах бин Амрдын (Аллах андан ыраазы болсун) риваятында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

Available in 60 languages
«Абдуллах бин Амрдын (Аллах андан ыраазы болсун) риваятында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мусулман адам - башка мусулмандар анын колунан жана тилинен зыян тартпаган адам. Мухажир адам - Аллах тыюу салган нерселерди таштаган адам".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламды толук карманган мусулман адам башка мусулмандар анын тилинен аман болгон адам. Б.а. аларды сөкпөгөн, наалат айтпаган, артынан сүйлөбөгөн жана алардын ортосунда тили менен зыянын тийгизе турган эч бир ишке барбаган адам. Ошондой эле анын колунан да жамандык көргөн эмес, б.а. ал эч кимге өкүм зордук кылган эмес, мал-мүлкүн тартып алган эмес ж.б.у.с. Ал эми мухажир - Аллах арам кылган нерсени таштаган адам.

Source
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Download image

Saved at original quality