Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Артыкчылыктар жана адептер

Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

Available in 60 languages
«Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эркек киши эркек кишинин авретине карабайт. Аял киши да аял кишинин авретине карабайт. Бир эркек киши башка эркек киши менен, аял киши да башка аял киши менен бир жамынчыга оронуп жылаңачтанып жатпайт".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркек кишини эркек кишинин авретин кароодон тыйган. Аял кишини аял кишинин авретин кароодон тыйган. Аврет: бул ачылып калса уяла турган мүчөлөр. Эркектин аврети киндигинен тизесине чейин. Ал эми аял киши бөтөн эркектин алдында бүт денеси аврет. А, аялдардын жана өзүнө махрам болгон эркектердин алдында адатта үйдө иштеп жүргөн учурда көрүнүүгө уруксат болгон жеринен башка жерлери аврет. Ошондой эле пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркек киши эркек киши менен бир кийимдин же бир жамынчынын астында жылаңачтанган абалда калуусунан тыйган. Аял киши аял киши менен бир кийимдин же бир жамынчынын астында жылаңачтанган абалда калуусунан тыйган. Анткени, мындайда алар бири-биринин авретине кол тийгизип алуусу мүмкүн. Авретти кармоо, аны кароодой эле тыюу салынган арам иш. Балким, кармоо кароого караганда катуурак тыйылган, анткени бул чоң бузукулукка түртөт.

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality