KY
Дуба жана зикирлер
Эрте менен жана кечинде окулчу дубалар
4 hadiths
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) зикир кылууда көрсөткөн жолу
5
Аллах Тааланын зикир кылуунун пайдалары
8
Эрте менен жана кечинде окулчу дубалар
4
Жалпы зикирлер
5
Орун-жайларга киргенде жана чыкканда айтылчу зикирлер
2
أذكار الدخول والخروج من الخلاء
1
Мечитке кирерде жана чыгарда айтылчу зикирлер
2
الأذكار التي تقال في أوقات الشدة
1
Кокустук иштерде айтылчу зикирлер
12
أحكام الدعاء
1
آداب الدعاء
2
Дубанын кабыл болуусуна жана кабыл болбой калуусуна себеп болгон иштер
4
Таасирдүү дубалар
18
4 hadiths
عن عبد الله بن مسعود رضي الله عنه قال: كان نبي الله صلى الله عليه وسلم إذا أمسى قال: «أمسينا وأمسى الملك لله، والحمد لله، لا إله إلا الله وحده لا شريك له» قال الراوي: أَرَاهُ قال فِيهِنَّ: «له الملك وله الحمد وهو على كل شيء قدير، ربِّ أسألك خير ما في هذه الليلة وخير ما بعدها، وأعوذ بك من شر ما في هذه الليلة وشر ما بعدها، رب أعوذ بك من الكسل، وسُوءِ الكِبَرِ، رب أعوذ بك من عذاب في النار، وعذاب في القبر»، وإذا أصبح قال ذلك أيضا «أصبحنا وأصبح الملك لله».
رواه مسلم
Шаддад бин Аус (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Истигфардын төрөсү мындай: Аллахым, Сен менин - Раббимсиң, Сенден башка ибадатка татыктуу кудай жок. Сен мени жараттың, мен Сенин кулуңмун. Мен чолом жетишинче Сага берген убада, шартымды сактаймын. Жасаган иштеримдин жамандыгынан сактоону Сенден суранам. Мага берген нээмат-жакшылыктарыңды жана күнөөлөрүмдү мойнума алам. Мени кечир, Сенден башка күнөөлөрдү кечирүүчү эч ким жок». Анан мындай деди: "Кимде-ким эртең менен бул сөздөрдү чын жүрөгүнөн айтса, анан ошол күнү кечке чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан. Ал эми ким бул сөздөрдү кечинде чын жүрөгүнөн айтса жана таң атканга чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан".
Бухари жазып калтырган
Абдуллах бин Хубайб (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Катуу жамгыр жаап, көзгө сайса көрүнгүс караңгы болгон түнү чогуу намаз окуу үчүн Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) издеп бардык. Анан аны таптым. Ал: "Айт" - деди. Мен унчуккан жокмун. Ал дагы: "Айт" - деди. Мен дагы эле эч нерсе дебедим. Ал: "Айт" - деди. Эмне деп айтам - дедим. Ал: "Кул хуваллааху ахадды" жана эки сактоочу сүрөнү оку, кеч киргизгениңде жана таң атырганыңда үч жолудан окуп жүрсөң, бардык жамандыктан сактоого жетиштүү болот" - деди.
Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган
Абу Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким түнү Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын окуса, ага жетиштүү болот".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)