Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Фыкх жана анын усулдары

Ибн Аббастын (Аллах алардан ыраазы болсун) риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

Available in 62 languages
«Ибн Аббастын (Аллах алардан ыраазы болсун) риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жети мүчөмдү жерге тийгизип сажда кылууга : Бешене, анан колу менен мурдун көрсөтүп ишаара кылды, эки кол, эки тизе жана эки буттун учу. Ошондой эле кийимди кымтыланбоого жана чачты байлап албоого буйрулдум".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала аны сажда кылганда жети мүчөсү менен сажда кылууга буйруганын айтат. Алар: Биринчи: бешене, ал: эки көз менен мурундун өйдө жагындагы жүздүн жайык жери. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мурун менен бешене экөө биригип жети мүчөнүн бири экенин баяндап жана сажда кылган адам мурдун жерге тийгизүүсү зарыл экенин бышыктап, мурдун колу менен ишаара кылып көрсөткөн. Экинчи жана үчүнчү мүчөлөр: эки кол. Төртүнчү жана бешинчиси: эки тизе. Алтынчы жана жетинчиси: эки буттун манжалары. Анан бизди жерге сажда кылган учурда этияттап чачыбызды байлап алуудан, кийимди бирине-бирин киргизип кымтылануудан тыйган. Тескерисинче, аларды жөн таштап койобуз, башка мүчөлөрдөй эле жерге тийип сажда кылуусу үчүн.

Source
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Download image

Saved at original quality