Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Фыкх жана анын усулдары

Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Available in 65 languages
«Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Аллахуммагфир лии, вархамнии, ва аъфинии, вахдинии, варзукнии" - деп айтчу.»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактооосу болсун) намазда эки сажданын ортосунда ушул беш нерсени, мусулман пенде өтө муктаж боло турган, дүйнө жана акыреттин жакшылыктарын ичине камтыган нерселерди сурап дуба кылчу. Биринчи: Күнөөлөрүн кечирүүнү, айып-кемчилигин жашырууну жана ал үчүн жазалабоону. Экинчи: Кенен ырайымын. Үчүнчү: Шектүү иштерден, ышкы-кумардан, оору-сыркоодон сактоону. Төртүнчү: Ак жолду жана ал жолдон адаштырбай алып жүрүүнү. Бешинчи: Ыйман, илим, жакшы амал жана адал ырыскысын берүүнү.

Source
Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган
Download image

Saved at original quality