Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Артыкчылыктар жана адептер

Абу Бакра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

Available in 65 languages
«Абу Бакра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Силерге чоң күнөөлөрдүн эң оору жөнүндө кабар берейинби?"- деп үч жолу айтты. Ошондо сахабалар: "Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!" - дешти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Аллахка шерик кошуу жана ата-энени нараазы кылуу". Ошондо Пайгамбар жөлөнүп жаткан жеринен отура калып: "Жалган күбөлүк берүү!" - деп кайра-кайра айтып, биз: "Токтотсо экен" дегенге чейин кайталай берди".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына күнөөлөрдүн эң чоңу жөнүндө кабар берип жатып, бул үчөөнү айтты: 1. Аллахка шерик кошуу деген - ал ибадаттын кандай түрүн болсо да Аллахтан башкага кылуу жана Аллахтан башканы улухияда, рубубияда, Аллахтын ысым-сыпаттарында Аллах менен теңөө болуп саналат. 2. Ата-энени нараазы кылуу - бул ата-энеге сөз менен болсо да, кыймыл аракет менен болсо да зыян жеткирүү жана аларга жакшылык кылууну таштоо. 3. Жалган күбөлүк берүү жана жалгандан күбөлүккө өтүү. Бул акчасын алып, ар-намысына шек келтирип, же башка ушул сыяктуу нерселер менен айыпка жыгып каралоо максатында жалган айтылган сөздөр. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир нече жолу жалгандан күбөлүк берүүдөн кайра-кайра эскертип, анын жамандыгынан жана анын коомго тийгизген терс таасиринен эскертип жатканда Сахабалар Пайгамбарга боорлору ооруп, аны кыйнаган нерсени жек көрүшүп: «Пайгамбар токтосо экен» деп айтышты.

Source
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Download image

Saved at original quality